Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:53

Буранада Баласагындын 1000 жылдык мааракесине арналган иш-чара өтүп жатат


Бурана археологиялык шаарчасы.
Бурана археологиялык шаарчасы.

Иш-чарага өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков, президенттик аппараттын жетекчиси Фарид Ниязов, ЖК депутаты Садык Шер-Нияз катышып жатат. Президенттин аппарат жетекчиси Фарид Ниязов мааракенин катышуучуларына президенттин кутуктоосун окуп берди. Мындан тышкары мамлекет башчысы өкмөткө ЖОЖдордун алдыңкы студенттерине Жусуп Баласагын атындагы стипендия уюштурууну сунуштаганын маалымдады.

Иш-чарага ТҮРКСОЙ уюмунун өкүлдөрү да катышып жатат. ТҮРКСОЙ тарабынан 2016-жыл Жусуп Баласагын жылы деп жарыяланган.(ZA)

XS
SM
MD
LG