Линктер

бейшемби, 25-май, 2017 Бишкек убактысы 03:40

Баткен шаарынын борбордук базарынын айланасында юстиция министрлиги “Өз укугуңду бил” аттуу акция өткөрүп жатат. Бул иш-чара министрликтин демилгеси менен өлкөнүн бардык облустарында уюштурулууда. Акцияда юстиция министрлигинин укук жаатындагы атайын адистери кайрылган жарандарга акысыз кеп-кеңештерин беришет. Тиешелүү учурда кайсыл кызматтарга кайрылуу боюнча да багыттамалар берилип жатат.

Мындай акция быйыл экинчи ирет өтүп жатат. Алгач акция 22-23-июнда – юристтер күнүнө карата уюштурулган. (JsA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG