Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:31

 Ала-Букада баптисттин сөөгү жерге бериле элек


Ушул тапка чейин сөөк коюлчу жер маселеси чечилбей, эненин денеси жыттана баштаганын маркумдун кызы Жылдыз Азаева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтуусунда, маркумдун жакындары имамдардан жана жергиликтүү бийликтен жооп күтүп отурушат.

Буга чейин Ала-Бука районунун имамы Шумкарбек Чыналиев “Азаттыкка” маркумдун туугандары өзүнүн туулган жерине, Чаткалдын Шакафтар айылына коюуга макул болушканын кабарлаган эле. Чыналиевдин айтуусунда, мындай окуя мурда да болгон:

- Мурда да Өрүктү айыл өкмөтүнөн ушундай дини башка бирөө каза болгондо, адырга алып барып коюшкан экен. Буларга биз жок дегенде сөөктү ошол жакка алып барып, жанына жашыргыла деп сунуштадык. Макул болушкан эле. Анан төркүнүнө алып кетебиз деп чечишиптир.

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын тургуну 76 жаштагы Каныгүл Сатыбалдиева 13-октябрда көз жумган. Ал христанчылыктын баптист агымын тутунгандыктан, туугандарынын сөөктү мусулмандар мүрзөсүнө коюу аракетине жергиликтүү тургундар кескин каршы чыгышкан. Башка динге өтүп кеткен жакындарын да андан баш тартууну талап кылышкан. Маркумду христиандар көрүстөнүнө коюу аракетинен да майнап чыкпай, ал жактагылар "башка агым" деген жүйө менен макул болгон эмес. (EBM;ZKo)

XS
SM
MD
LG