Сириянын президенти Башар Асад анын өлкөсү Орусия менен Батыштын ортосундагы жаңжал аймагына айланганын билдирди. Бул тууралуу ал орусиялык “Комсомольская правда” гезитине 13-октябрда жарыяланган маегинде айтты.
“Биз соңку бир нече жума, керек болсо бир нече айдан бери көз салып жаткан окуялар "кансыз согуштан" да ашып өттү”, -деп айтты Асад. Сирия президенти Сауд Арабия жардам сунуш кылганын, бирок ал үчүн Иран менен байланышты үзүүнү талап кылганын кошумчалады.
Орусия Сириядагы аба чабуулдарын бир жыл мурда баштаган. Өкмөттүк күчтөргө колдоо көрсөтүү менен Москва өлкөдөгү террорчул уюмдарга каршы сокку уруп жатканын билдирген. Ошентсе да адам укуктарын коргоо менен алектенген уюмдар соккулар “Ислам мамлекети” экстремисттик уюмуна эмес, Батыштын колдоосуна ээ болгон байистүү оппозиция топторуна каршы жасалып жатканын айтып келишет.