Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:06

Пакистанда согушкерлер эки офицерди өлтүрүштү


Чабуул Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында жасалган.
Чабуул Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында жасалган.

Пакистандын түштүк-батышындагы Кветта шаарында мотоцикл минген согушкерлер эки аскерий кызматкерди атып өлтүрүп, бирөөнү жарадар кылышты. Бул тууралуу өлкөнүн Чек ара полициясынын өкүлү Васай Хан маалымдады. 14-октябрдагы чабуул аскерлер күзөттө турганда башталган. Согушкерлер качып кетүүгө үлгүрүшкөн. Азырынча кол салуу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ өз мойнуна ала элек.

Белужистан провинциясынын борбору Кветта расмий Исламабаддан автономияны талап кылып, аймактагы мунай жана газ ресурстарына ээ болууну көздөгөн майда козголоңчу топтордун уюгу катары эсептелет. Ошондой эле бул шаар 2001-жылдары ооган талиптеринин лидерлеринин базасы катары саналып келген.

XS
SM
MD
LG