Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:33

Таиландда бир жылдык аза күтүү жарыяланды


Таиланддын көпчүлүк тургундары өкүмдар Пхумпион Адульядет дүйнө салгандыгына байланыштуу кара кийинип, аза күтүшүүдө.
Таиланддын көпчүлүк тургундары өкүмдар Пхумпион Адульядет дүйнө салгандыгына байланыштуу кара кийинип, аза күтүшүүдө.

Өлкөнү туура 70 жыл башкарып келген өкүмдар Пхумпион Адульядет 88 жаш курагында, 13-октябрда дүйнө салгандыгына байланыштуу Таиландда бир жылдык аза күтүү жарыяланды. Ал азыркы заманда тактыда баарынан узак отурган өкүмдар болуп калды. Таиланддын көпчүлүк тургундары кара кийинип, аза күтүшүүдө.

Бул өлкөдө өкүмдар реалдуу бийлик укугуна ээ эмес, бирок жарандар аны руханий лидер, өлкө биримдигинин символу катары ыйык тутушчу. Соңку эки жылдан бери өкүмдар бир нече жолу операция болгон, бирок Таиланддын 67 миллиондук калкы үчун бул суук кабар күтүүсүз болду. Эми бир жыл бою мамлекеттик кызматкерлер кара кийип жүрүүгө милдеттүү.

Ал эми жарандарды өлкө бийлиги бир ай оюн-зоок, көңүл ачуучу иш-чараларга катышпоого чакырды.

XS
SM
MD
LG