Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:10

Астана: бийлик салафи агымына тыюу салууну караштырууда


Астанадагы мечит
Астанадагы мечит

Казакстанда салафи агымы олуттуу деструктивдүү потенциалга ээ болгондуктан ага тыюу салуу тууралуу суроону мамлекеттик тийиштүү мекемелер тыкыр караштырууда. Бул тууралуу Диний иштер жана жарандык коом министри Нурлан Ермекбаев бүгүн Астанада өткөргөн маалымат жыйынында билдирди.

Журналисттер менен жолугушууда министр өлкөдө экстремисттик жана террористтик деп тыюу салынган 23 уюм бар экенин билдирди.

Казакстанда ушул жылдын июнь айынан бери террорчулук коркунучтун “сары” режими жарыяланган. Бул режим Актөбө шаарындагы куралдуу чабуулдардан соң киргизилген. 18 адамдын өмүрүн алган бул кол салууну бийлик теракт деп атаган.

Исламдын салафи агымы мурдагы совет республикаларынын айрымдарында тыюу салынган. Борбор Азиядагы мусулмандардын көбү ханафи мазхабын карманышат.

XS
SM
MD
LG