Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:25

Лавров: Сирия боюнча сүйлөшүүлөрдөн жыйынтык чыгат деген үмүт жок


Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров
Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров

Сирия боюнча 15-октябрда Лозаннада өтө турган сүйлөшүүлөрдө өзгөчө жыйынтык чыгарынан үмүт жок. Бул тууралуу бүгүн Орусиянын тышкы иштер Сергей Лавров Ереванда билдирди. Ал ишембидеги жолугушууда Москва жаңы демилге киргизбей тургандыгын айтты. Министр ошондой эле Кремль батыштагы өнөктөштөрүнөн да эч кандай кадамдарды көрбөй жатканын кошумчалады.

АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри жана Сергей Лавров бул жумада Швейцарияда жолугуп, Сириядагы кризисти чечүү боюнча мындан аркы кадамдарды сүйлөшүүнү чечишкен. Жолугушууга Түркия, Катар, Сауд Аравия жана Ирандын тышкы иштер министрлери да катышары күтүлүүдө.

Вашингтондун Москва менен биргеликте Сириядагы ок атышууну токтотуу аракеттеринен майнап чыкпай келет. Соңку аракет Сириянын өкмөттүк күчтөрүнүн Алеппо шаарын кайтарып алуу максатынан улам үзгүлтүккө учурады. Москва президент Башар Асадга караштуу күчтөрдү колдоп, абадан сокку уруп келет.

XS
SM
MD
LG