Бул тууралуу соттолгондордун бири Алмазбек Абековдун адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Бишкектин Биринчи май райондук соту соттолуучуларга чыккан өкүмдү адвокаттарга бере элек. Айткулов өкүмдү алаары менен Бишкек шаардык сотуна доо арыз менен кайрыларын маалымдады.
2010-жылдагы Апрель ыңкылабынан соң улутташтырылган «Мегаком» деген аталыш менен белгилүү “Альфа Телеком” уюлдук компаниясынан каражатты өз кызыкчылыгына пайдаланган деп компаниянын мурунку директору Азамат Мурзалиев, директордун кеңешчиси Алмазбек Абеков жана “Новострой сервис” компаниясынын директору Аман улуу Кенжебекке сот өкүмү эки күн мурун чыккан. Ага ылайык, Абеков 25 жылга, Мурзалиев 12 жылга, ал эми Аман уулу 8 жылга эркинен ажыратылган. Соттолгондор сот өкүмү адилетсиз болгон айтып келишет. (BkA)