Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:29

Талас: кардан улам үзүлгөн электр зымдары оңдолууда


Талас, 13-октябрь, 2016-жыл
Талас, 13-октябрь, 2016-жыл

Талас облусунун аймагында жааган калың кардан улам үзүлгөн электр зымдары оңдолууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда калыңдыгы 15-20 см болгон кардан Манас, Кара-Буура райондорундагы электр зымдары үзүлүп, бир катар айылдар жарыксыз калган. Кечээ электр зымдарын калыбына келтирүү иштери жүрүп, Кара-Буура районунда электр энергиясы 80 пайыз, Манас районунда 60 пайыз калыбына келтирилди. Учурда бул иштер уланууда.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бүгүн өлкөнүн бир катар аймактарында үшүк жүрүшү мүмкүн экенин эскертти. (BkA)

XS
SM
MD
LG