Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:28

Швейцарияда Сирия боюнча сүйлөшүүлөр өтөт


Швейцариянын Лозанна шаарында Сирия кризисин жөнгө салуу боюнча сүйлөшүү өтөт. Жыйында Сириядагы ок атуу режимин токтотуунун шарттары талкууланат.

Анын жүрүшүндө АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен жолугушат. Ошондой эле бул жолку сүйлөшүүгө Түркия менен Сауд Аравиянын өкүлдөрү, БУУнун баш катчысынын атайын чабарманы Стаффан де Мистуранын катышары күтүлүүдө.

9-сентябрда Орусия менен АКШ Сириядагы ок атууну токтотуу боюнча келишимге жетишкен. Бул келишимге жетишүү үчүн жарым жылга жакын сүйлөшүүлөр өткөн.

Ок атуу режими 19-сентябрда Алеппого бараткан гуманитардык кербенге кол салуу менен бузулган. Анда АКШ бул кербенге орус аскер күчтөрү кол салган деп айыптап келет.

XS
SM
MD
LG