Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:08

Бишкекте кулинардык жана сувенир фестивалы өтүүдө


Бүгүн Бишкекте «Кулинардык жана сувенирдик буюмдар фестивалы өтүүдө. Аталган иш-чараны «Кыргыздипсервис» ишканасы "Жаннат" мейманканасы менен бирге уюштурууда. Анын жүрүшүндө бир нече өлкөнүн тамак-ашы жана сувенирдик буюмдары жасалып, көпчүлүктүн назарына коюлду. Ошондой эле ар кыл элдердин улуттук кийимдери көргөзмөгө коюлуп, ырлары ырдалууда. Ага Бишкектеги элчиликтердин өкүлдөрү да катышып жатат.

Фестивал жыйынтыгында тамак-аш жана сувенирлерди сатуудан түшкөн каражат Бишкектеги карылар үйүнө которулат. (BkA)

XS
SM
MD
LG