Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:50

Орусия АКШнын киберчабуулдар боюнча «коркутуусун» сындады


АКШнын вице-президенти Жо Байден
АКШнын вице-президенти Жо Байден

Орусия АКШнын киберчабуулдарга жооп кайтарары тууралуу билдирүүсү үчүн сындады. Мындай жоопту Москва Кошмо Штаттардын вице-президенти Жо Байдендин орус президенти Владимир Путинге «коңгуроо какканы" тууралуу сөзүнөн кийин берди. Орус президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков РИА-Новости агенттигине сүйлөп жатып, Байдендин сөзүн Орусияны «ачыктан-ачык катуу коркутуу» деп баалады:

- Эгерде вице-президент Байдендин билдирүүсү чын болсо, анда бул Вашинтонгдун Орусияга карата агрессивдүү саясатынын белгиси болуп саналат, - деди Песков.

15-октябарда АКШнын вице-президенти Жо Байден NBC каналындагы маегинде, Ак үй бул жаатта орус президенти Владимир Путинге коңгуроо кагып жатканын билдирген.

"Бизде муну ишке ашырууга мүмкүнчүлүгүбүз бар жана тиешелүү коңгуроо кагылат. Биз натыйжалуу болчу учурду тандап, анан ишке ашырабыз"-деди Байден.

Буга чейин АКШ бийлиги айрым саясатчылар жана саясий партиялардын маалыматтык базаларына жасалган хакердик чабуулдун артында Орусия турат деп айыптап келген.

XS
SM
MD
LG