Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
3-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:58

Балдарды коопсуздукка үйрөтчү сайт ачылды


Жайлоодогу балдар
Жайлоодогу балдар

Балдарга ар кыл кырдаалдагы коопсуздук эрежелерин үйрөтчү онлайн курсту Билим берүү министрлиги ЮНИСЕФ менен бирге иштеп чыкты. Анда ар кандай табигый кырсыктарда, өрт жана башка чукул кырдаалдарда өздүк коопсуздукту сактоонун эрежелери окутулат. Бул онлайн курс www.koopsuzduk.kg сайты аркылуу үйрөтүлөт.

Билим берүү министрлиги ЮНИСЕФ менен бирге буга чейин өлкөдөгү мектеп имараттарынын сейсмикалык туруктуулугу боюнча изилдөө өткөргөн. Анда өлкөдөгү мектептердин 80 пайызга жакыны оңдоого муктаж экени белгилүү болгон. Анын негизинде Билим берүү министрлиги “Коопсуз билим берүү жайлар” аттуу программа иштеп чыккан.(BkA)

XS
SM
MD
LG