Бүгүн Черногорияда парламенттик шайлоо өтөт. Шайлоого үч коалиция жана 14 партия катышууда. Бул шайлоо өлкөнүн Батыш жана Орусия ортосундагы саясий курсун тандоосун аныктайт деп күтүлүүдө. Анын жыйынтыгында Батыш өлкөлөрүнө ылым санаган учурдагы премьер-министр Мило Жукановичтин Демократиялык партиясы көпчүлүктү алабы же орусиячыл оппозициялык Демократиялык фронт жеңишке жетеби белгилүү болот.
Быйыл май айында Черногория менен НАТО өлкөнүн альянска кошулуусу боюнча протоколго кол койгон. Бул балкан өлкөсүнүн НАТОнун 29-мүчөсү болушуна жол ачат.
Черногория премьер-министри Мило Жуканович альянска 2017-жылдын орто ченинен толук кандуу мүчө болуп кирерине үмүттөнгөнүн билдирген.
Орусия болсо буга каршы. Расмий Москва НАТО чыгыш тарапка, орус чегине жакын жылып келе жатканына тынчсыздануусун билдирип, тиешелүү жообун берерин эскертип келет.