Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 07:49

Ысык-Көлгө ири аквапарк куруу пландалууда


Ысык-Көл
Ысык-Көл

Бул тууралуу өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн басма сөз катчысы Жаныбек Кожоев "Азаттыкка" билдирди. Анын айтымында, Орусиянын "Кварсис" курулуш компаниясынын башчысынын орун басары Максим Чёлвин менен облус жетекчиси ушул айдын башында жолугуп, сүйлөшүп, аквапарк курула турчу жерлерди аныктаган. Азырынча аны курууга Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдан менен "Көгүлтүр Ысык-Көл" пансионатынын ортосундагы бош жер каралууда.

Курулушка инвестиция катары төрт миллиард рубль жумшалат. Салына турган аквапарктын күнүнө эки жарым миң киши кабыл ала тургандай мүмкүнчүлүгү болот. Андан сырткары ошол эле жерге мейманкана куруу планы бар.

Бул сүйлөшүү Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынан кийин кызыгып калган орус ишкерлеринин сунушу менен болгон. (AsM)

XS
SM
MD
LG