Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Түндүк Кореянын баллистикалык ракета сыноосу ийгиликсиз өттү

Түндүк Корея
Түндүк Корея

Түндүк Кореянын 15-октябрдагы баллистикалык ракета сыноосу ийгиликсиз аяктады. Бул тууралуу жекшембиде Түштүк Корея жана АКШнын аскердик мекемелери кабарлады. Түндүк Корея бийликтери бул боюнча эч кандай комментарий бере элек.

Кошмо Штаттардын Коргоо министрлигинин маалыматында Пхеньян орто аралыктагы «Мусудан» рекатасын сыноодон өткөрдү.

9-сентябрда Пхеньян бешинчи ядролук куралын тесттен өткөргөн. Бул үчүн Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореяга карата кезектеги санкцияларды киргизерин жарыялаган. Санкция тууралуу АКШ да билдирген.

Август айында бул өлкө баллистикалык ракеталардын сыноосун өткөрүп, бирөө сыноо учурунда жарылып кеткен эле.

XS
SM
MD
LG