Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 03:12

Лондондо Сирия маселеси талкууланат


Бүгүн Лондондо АКШ, Британия, Франция жана Германия Сирия маселесин талкуулайт. Ага Кошма Штаттардын Мамлекеттик катчысы Жон Керри катышат.

Ал эми өткөн ишемби күнү Сирия маселеси Щвейцариянын Лозанна шаарында АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керринин орус тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Сауд Арабия, Катар, Иран, Ирак, Иордания, Египет, Түркия дипломаттарынын катышуусунда талкууланган.

Дээрлик беш саат созулган талкуудан кийин анын катышуучулары кандайдыр бир чечим кабыл алынбаганын айтып, дипломаттар ортосунда сүйлөшүүлөрдү улантуу керектиги тууралуу гана кыска билдирүү жасап, тарап кетишти.

Керринин айтуусунда, Лозаннадагы жолугушууда жаңы идеялар талкууланды жана ал ойлор Сириядагы тынчтык процессин сүйлөшүүгө жаңы жолдорду алып келиши ыктымал.

XS
SM
MD
LG