Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

АКШ менен Британия Йемендеги ок атышууну токтотууну талап кылууда


Жон Керри Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон менен.
Жон Керри Британиянын тышкы иштер министри Борис Жонсон менен.

Йемендеги “ок атышууну токтотуп, тегерек үстөлгө отуруп, тынч сүйлөшүүгө мезгил келип жетти”,- деп билдирди АКШ мамкатчысы Жон Керри. Анын ырасташынча, согушуп жаткан тараптар келишүүгө көнсө, БУУнун атайын элчиси Улд Шейх Ахмед мунун үстүнөн иштеп чыгууга даяр. АКШ мамкатчысы менен Британ тышкы иштер министри Борис Жонсон жана Улуттар уюмунун атайын элчиси Йемендеги тараптарды ок атышууну “болушунча тез, дүйшөмбү же шейшемби күндөрү эле токтотууга” чакырышты.

БУУнун маалыматы боюнча, Йемендеги хусит козголоңчуларына каршы Сауд Арабиясы башында турган тышкы коалиция аскер операциясын баштагандан бери, өлкөдө 10 миңден ашуун киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG