Бул облуста ачылган алгачкы мамлекеттик МТС. Станциянын ачылышына 9 млн 900 миң сом бөлүнүп, ага 11 айыл чарба техникасы сатылып алынган.
МТСтин расмий ачылышына жергиликтүү бийлик ээлери менен чогуу ЖК депутаттары да катышты. “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаевдин сөзү боюнча, жыл башынан бери өлкөдө 30 МТС ачылган, келерки жылы алардын санын 80ге жеткирүү максат кылынууда.
Кыргызстанда ар бир айыл өкмөттө МТСтерди ачуу демилгесин “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы көтөрүп чыккан. Бүгүнкү күнгө чейин Сокулук, Ат-Башы, Талас райондорунда мамлекеттик МТСтер ачылды. Жакында Өзгөн районунда да мамлекеттик МТС ачылат.(ZKo)