“Моторола” деген каймана аты бар Арсений Павловдун өлүмүн жикчилдердин куралдуу түзүмүн жетектеген Александр Захарченко РИА Новостиге курган маегинде “Порошенко бизге согуш жарыялады” деп билдирди. Мурдараак Донбасстын “элдик кеңешинин жетекчиси” Денис Пушилин Павловдун өлүмүн украин чалгын кызматынын теракты деп айтып, бул аймактагы кырдаалды туруксуздаштыруу аракети катары маалымдаган.
Арсений Павлов 16-октябрь күнү кечинде өзү жашаган үйдүн лифти жарылган кезде набыт болгону айтылууда. Талаа командиринин өлүмүн Украин ИИМи жана коопсуздук кызматы да тастыктады.