Ырчы 16-октябрдан 17сине оогон түнү көз жумганы тууралуу жакындары кабарлашты.
Нурлан Тилебаев төрт жылдан бери сыркоолоп, ден соолугу менен алпурушуп келе жаткан. Жайында Тилебаевдин күйөрмандары, Кыргызстандагы шоу-бизнестин өкүлдөрү ооруп жаткан ырчыга жардам берүү үчүн социалдык тармактарда “1000 сом” акциясын уюштурган.
Нурлан Тилебаев өткөн кылымдын 90-жылдары кыргыз сахнасына гитаранын коштоосунда ырдап чыгып, таанылган эле.(ZKo)