Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:21

Даректүү тасмалардын фестивалы өтөт


Кыргызстандагы даректүү тасмалардын сынагы.
Кыргызстандагы даректүү тасмалардын сынагы.

Фестиваль Бишкекте октябрь айынын аягында болот. “Үмүт” деп аталган кинофестивалга 12 тасма катышат. Тасмалардын көпчүлүгү Казакстанда, Орусияда тартылган. Ошондой эле Беларус, Кыргызстан жана Польшада тартылган даректүү тасмалар да бар.

КМШ өлкөлөрүнүн “Үмүт” кинофестивалы 28-октябрдан 31-октябрга чейин өтөт.

Иш-чара шериктештиктин Гуманитардык кызматташтык фонду тарабынан колдоого алынган. Фестивалга КМШ мамлекеттеринен тышкары Грузия, Балтика өлкөлөрүнөн да жаш режиссерлор, белгилүү сынчылар жана продюсерлер катышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG