Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 03:37

Шаардык сотто прокурор Мамакеевдин иши каралууда

Кубанычбек Мамакеев
Кубанычбек Мамакеев

Бишкек шаардык сотунда Аламүдүн районунун мурунку прокурору Кубанычбек Мамакеевдин иши каралууда. Бул тууралуу шаардык соттон кабарлашты. Анын жүрүшүндө Мамакеевдин адвокаттары мурунку прокурордун күнөөсү далилденбегенине байланыштуу соттон актоону суранышты.

Буга чейин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук соту пара талап кылганы үчүн 12 жылга кескен. Мамакеев жана дагы эки прокурор Чүйдүн Аламүдүн райондук прокуратурасында иштеп турганда мыйзамсыз курулуштарга байланыштуу жарандардан 20 миң доллар пара талап кылган деп былтыр кармалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG