Операциянын башталышын Ирак өкмөт башчысы Хайдар ал-Абади жарыялады. 17-октябрда телекөрсөтүү аркылуу кайрылуусунда Абади “жеңиштин мезгили келди, Мосулду бошотуу операциясы башталды” деди.
Ирактын экинчи чоң шаарын бошотуу операциясына бир нече айдан бери даярдык көрүлүп жаткан. Мосулду бошотуу 2011-жылы АКШ аскерлери Ирактан чыгып кеткенден кийинки эң ири аскерий операция болуп калмакчы. Мосулдуктарга кайрылган Хайдар ал-Абади “жеңишчил операциянын башталышы силерди Даиш террорунан жана зордук-зомбулуктан бошотот” деп билдирди. Мосул 2014-жылдан бери “Ислам мамлекети” аталган топтун көзөмөлүндө турат. Улуттар Уюму шаардагы 1,5 млн элдин коопсуздугуна тынчсыздануусун билдирди. (AiT)