Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 07:45

Бишкек соту №50 абактан качкандарды өмүр бою кести


Абактан качкандар.
Абактан качкандар.

Бишкек шаардык соту №50 абактан качкан Эдил Абдрахманов, Музаффар Уринов, Болот Курбанахунов өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн күчүндө калтырды. Бул тууралуу аталган адамдардын коомдук жактоочусу болуп жүргөн Токтайым Үмөталиева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, шаардык соттун өкүмү 15-октябрда чыгарылды. Ал эми абактан качып, кийин атайын операция учурунда жок кылынган Алтынбек Итибаевди жашырган деп айыпталган Максат Абдрахманов 4 жылга күчөтүлгөн тартиптеги түрмөгө, ал эми ал жашап турган үйдүн ээси Нурсият Рысбекова 4 жылга жатак абакка кесилди.

Буга чейин Бишкектин Свердлов райондук соту аталган үч адамды өмүр бою эркинен ажыраткан.

Былтыр 12-октябрда Чүй облусунун Төмөнкү Нооруз айылында жайгашкан №50 түрмөдөн тогуз адам үч кызматкерди өлтүрүп, бирөөн оор жарадар кылып качып чыккан. Алардын бешөө дароо кармалып, качып кеткендердин үчөө кармоо операциясы учурунда жок кылынган. Эдил Абдрахманов бутуна ок тийип, тирүү кармалган. (BkA)

XS
SM
MD
LG