Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:30

Черногориядагы шайлоодо батышчыл партия жеңишке жетишти


Черногориядагы шайлоо
Черногориядагы шайлоо

Балкандагы чакан өлкөдө 16-октябрда өткөрүлгөн шайлоонун расмий эмес жыйынтыгы боюнча бийликтеги Социалисттердин демократиялык партиясы жеңишке жетишти. Шайлоо 15-октябрда 20 кишинин камакка алынуусу менен коштолду. Алар шайлоо бекеттерине чабуул жасоого даярданган деп айыпталууда.

Көз карандысыз CeMI байкоочулар тобунун маалымдоосу боюнча, бюллетендер 100% саналып бүттү. Анын жыйынтыгы боюнча премьер-министр Мило Джуканович башында турган Социалисттердин демократиялык партиясы 41% тегерегинде добуш алды. Оппозициялык Демократиялык фронт биримдиги жана “Ключ” партиялары 20 жана 11% тегерегинде добушка ээ болду. Шайлоонун расмий жыйынтыгы бүгүн жарыяланары күтүлүүдө. Өкмөт башчы Джуканович парламентке өткөн улуттук азчылыктар партиялары менен коалиция түзүүгө умтуларын билдирди. (AiT)

XS
SM
MD
LG