Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 22:36

Пакистанда автобустардын кагылышуусунан 27 киши каза болду

Автокырсыктардан Пакистанда жыл сайын беш миңден көп киши каза табат.
Автокырсыктардан Пакистанда жыл сайын беш миңден көп киши каза табат.

Пакистан расмий өкүлдөрүнүн кабарлоосу боюнча, автобустардын кагылышуусу 17-октябрда эртең менен Пенжаб провинциясындагы Рахим Яр Хан шаарында болду. Отуздан көп киши жаракат алды. Жергиликтүү бийликтин өкүлү Зафар Икбал куткаруу иштери жүрүп жатканын билдирип, өлгөндөрдүн саны өсүшү мүмкүн экенин кошумчалады. Пакистан өкмөт башчысы Наваз Шариф “киши өлүмүнө алып келген окуяга терең кайгысын билдирип, көңүл айтканы” кабарланды. Жолдордун жана автоунаалардын техникалык абалынын начардыгы Пакистанда жыл сайын беш миңден көп кишинин өлүмүнө алып келерин расмий статистика маалымдайт. (AiT)

XS
SM
MD
LG