Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:28

Кыргызстанды 250-300дөй илбирс байырлайт


Илбирс.
Илбирс.

Бул тууралуу Глобалдык экологиялык фонддун өкүлү Евгения Постнова Бишкектеги маалымат жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, учурда дүйнөдө 3 миңден 7 миңге чейин куу илбирс калган. Анын 250-300дөйү Кыргызстандын аймагын байырлайт.

Постнова Кыргызстанда куу илбирсти сактоо боюнча катчылык түзүлүп, бул жаныбар байырлаган башка өлкөлөр менен кызматташтыкта иштеп жатканын билдирди.

Буга чейин Бишкекте куу илбирсти сактоо боюнча эл аралык форум өткөн. Ага илбирс байырлаган Ооганстан, Бутан, Индия, Казакстан, Кытай, Монголия, Непал, Пакистан, Орусия, Тажикстан жана Өзбекстандан өкүлдөр келген.

Форумда жок болуп бараткан илбирстерди коргоого жергиликтүү жана дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн бурдуруу маселелери талкууланып, соңунда декларация кабыл алынган.(BkA)

XS
SM
MD
LG