Бул тууралуу биримдиктин тышкы иштер комиссары Федерика Могерини билдирди. Ал 17-октябрда Люксембургда боло турган Европа биримдигинин тышкы иштер министрлеринин жыйынында “Сирия боюнча Орусияга каршы санкция киргизүүнү биримдиктин бир да мүчөсү сунуш кылбаганын” айтты. Буга чейин ал Сирия режими жана анын колдоочуларына каршы санкциялар киргизилиш мүмкүндүгүн айткан эле.
16-октябрда Британия жана АКШ Алеппону бомбалоого байланыштуу Сирия жана Орусияга каршы санкция киргизилиш мүмкүндүгүн билдирген. Алар ошондой эле ок атууну токтотуу боюнча жаңы келишимге келүүнү Дамаск менен Москваны чакырышкан. (AiT)