Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:31

Кыргыз жарандары Казакстанда 30 күн каттоосу жок жүрө алат


Астанада келишимге кол коюу учуру.
Астанада келишимге кол коюу учуру.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен кабарлашты. Маалыматка ылайык, бүгүн тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Казакстанга расмий сапар менен барды. Анда коңшу өлкөнүн тышкы иштер министри Ерлан Идрисов менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулады.

Жолугушуу жыйынтыгында эки өлкөнүн аймагында жарандардын каттоосуз жүрүү мөөнөтүн 30 күнгө чейин узартуу боюнча келишимге кол коюлду. Буга чейин жарандар беш күнгө чейин гана каттоосуз жүрүүгө уруксат берилген эле.

Эми бул келишимди эки өлкө парламенттери жактырган соң жарандар коңшу мамлекеттин аймагында каттоосуз бир айга чейин жүрүүгө мүмкүнчүлүк алат. (BkA)

XS
SM
MD
LG