Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Кытай космонавттарын учурду


Кытайдын "Шенчжоу-11" космостук кемеси космонавттарды"Тянгун-2" лабораториясына жеткирет. 17-октябрь, 2016-жыл
Кытайдын "Шенчжоу-11" космостук кемеси космонавттарды"Тянгун-2" лабораториясына жеткирет. 17-октябрь, 2016-жыл

Эки космонавт Гоби чөлүндө жайгашкан космодромдон 17-октябрда эртең менен учту. Кытайдын "Шенчжоу-11" космостук кемеси аларды "Тянгун-2" лабораториясына жеткирет. Космонавттар анда бир ай бою иликтөөлөрдү жана тажрыйбаларды жүргүзөт. Бул кытай космонавттарынын космосто эң узак мөөнөт болушу болот. Кытай лидери Си Цзинпин бул миссия “космосту андан ары изилдөөгө жана Кытайдын улуу космикалык мамлекетке айланышына салым кошорун” билдирди. Кытай космоско адамдарды учурган АКШ жана Орусиядан кийинки үчүнчү өлкө. Кытай "Тянгун-2ни" жакынкы жылдары туруктуу космикалык станцияга айлантууну көздөөдө. Ал 2022-жылы толук ишке ашары айтылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG