Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:38

Кыргыз жарандары Орусияда 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген келишим жактырылды


Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитети кыргыз жарандарына Орусиянын аймагында 30 күнгө чейин каттоосуз жүрүүгө уруксат берген келишимди жактырды. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Мындай келишимге эки өлкөнүн өкмөттөрү 2015-жылдын 19-июнунда кол коюшкан. Ага ылайык, кыргызстандыктар 30 күнгө чейин Орусияда каттоосуз жүрүүгө уруксат алат. Учурда Орусиянын аймагында жети күн каттоосуз жүрүүгө болот.

Бүгүн кыргыз-казак тышкы иштер министрлери да Астанада Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы дал ушундай келишимге кол коюшту. (BkA)

XS
SM
MD
LG