Кыргыз президенти Алмазбек Атамбаев Антонио Гутеррешти БУУнун Башкы катчысынын кызматына шайланышы менен куттуктады. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
«Сиздин шайланышыңыз БУУга мүчө өлкөлөрдүн жогору ишениминин жана Португалия өкмөтүндө жана БУУ системасында иштеген учуруӊузда алган чоң кадыр-баркыӊыздын күбөсү болуп саналат. Кыргызстан 24 жылдан бери БУУнун ишенимдүү өнөгү болуп саналат жана жемиштүү, көп пландуу кызматташтыктын негизинде өнөк бойдон кала берет”,- деп айтылат Атамбаев жиберген телеграммада.
Президент Атамбаев Гутеррешти Кыргызстанга келип кетүүгө чакырды. (BkA)