Телеканалдын жетекчиси Маргарита Симонян Твиттерге “биздин Британиядагы эсептерибиз жабылды. Бардык эсептерибиз. Бул чечимди жокко чыгаруу мүмкүн эмес. Жашасын сөз эркиндиги!” деп жазды. Телеканалдын маалымдоосу боюнча, NatWest банкы орус каналы менен түзүлгөн келишимди кайра карап, ал узартылбайт деген чечимге келген. Бирок анын себеби эмне экени түшүндүрүлгөн эмес.
Орусиянын Russia today каналы Британиянын Ofcom тескөөчү органы тарабынан эскертүүлөргө туш болгон. 2015-жылы июль айында “Россия сегодня” маалымат тобунун эсебин Барклай банкы жапкан эле. Ал чечим Европа Биримдигинин Украинага байланыштуу Орусияга киргизген санкциясы менен байланыштырылган. (AiT)