Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Декабрь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 05:59

Трамп: Кошмо Штаттарда шайлоо “толук бурмаланат”


Дональд Трамп
Дональд Трамп

Мындай билдирүү менен АКШ президенттигине Республикачылар партиясынан талапкер Дональд Трамп чыкты. Анын айтымында, алдыдагы шайлоо “добуш берүү бекеттеринде” жана “акыйкатсыз маалымат каражаттары” тарабынан “толугу менен бурмаланат”. Трамптын вице-президенти Майк Пенс Дональд Трамп 8-ноябрдагы шайлоонун жыйынтыгын толугу менен тааныйт деп билдирген эле. Ал эми Трамп шайлоо өнөктүгүнүн мыйзамдуулугун күмөнгө алууда.

Дональд Трамп Түндүк Каролина штатында Республикачылар партиясынын жергиликтүү шайлоо штабына 16-октябрдын түнү болгон кол салууну Демократтар партиясынын талапкери Хилари Клинтондун “айбандары” жасады деп айыптады. Түндүк Каролинадагы штабга ылдам күйүүчү суюктук төгүлүп өрттөлгөн. Дубалга “Республиканын улутчулдары шаарды таштап кеткиле” деген ураан жазып кетишкен. Хиллари Клинтон кол салууну “кабыл алгыс жана үрөй учурарлык” деп айыптады. (AiT)

XS
SM
MD
LG