Мындан ары казак-түрк лицейлери “Билим инновация лицейи” деген аталышка ээ болот. Бул тууралуу эл аралык KATEV фонду маалымдады. Ага ылайык, лицейлердин аталышы Казакстандын эгемендигинин 25 жылдык мааракесине арналып өзгөртүлгөн.
Расмий Анкара казак-түрк лицейлерин Фетхуллах Гүленге тиешелүү деп эсептейт. Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган 15-июлда Гүлен тарапташтары менен төңкөрүш жасоого аракет кылды деп айыптап келет. Бул окуядан кийин Анкара Астанадан 33 казак-түрк лицейин жабууну суранган. Казак президенти Нурсултан Назарбаев 6-августта түрк президенти Режеп Тайып Эрдоган менен жолугушуусунда лицейлердин Гүленге тиешеси бары-жоктугу текшерилерин убада кылган эле.
Кыргызстандагы Себат-түрк лицейлерин да жабуу сунушун түрк бийлиги кыргыз бийлигине сунуштаган. Кыргыз тарап аталган лицейлердин өлкөнүн коопсуздугуна эч кандай коркунуч жоктугун белгилеп, өтүнүчкө так жооп бере элек.