Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:43

Жаш кыздар укугун коргоону үйрөнүшөт


Кыздар.
Кыздар.

«Ийгиликтүү кыз» деп аталган долбоордун алкагында жаш кыздардын укугуна арналган форум 18-октябрда Каракол шаарындагы Ленин атындагы орто мектепте өтөт. Иш-чара 25-октябрда Таласта уланат. Анын максаты – жаш кыздардын укугун тебелөө факторлоруна ата-энелердин жана коомчулуктун көңүлүн буруу. Форумду ЕККУнун колдоосу менен “Балдар укугун коргоо лигасы” уюму өткөрүүдө.

Аталган уюмдан “Азаттыкка” маалымдашкандай, долбоорго эки мектептин 5-11-класстарынан 60 кыз тартылган. Алар өз укуктарын коргоодон тартып, зомбулуктун түрлөрү, аларга каршы туруу, репродуктивдүү ден соолук, келечегин кантип түзүүгө чейин окуп үйрөнүштү. Аларга укук коргоочу, илимпоз, уз жана спортчу айымдар тренинг өтүшкөн.

Ошондой эле жаш кыздар үчүн “Умтул” деп аталган журнал жарык көргөн.

Жыл өткөн сайын балдарга зомбулук күч алууда. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, 83,4% бала мектепте, 72,7% бала үй-бүлөдө зомбулукка дуушар болот. (ZKo)

XS
SM
MD
LG