Исмаилиттердин башчысы ханзада Агахан IV Кыргызстанга сапары учурунда Нарында Борбор Азия университетинин расмий ачылышына катышат. Бул тууралуу өкмөттөгү өздүк булактар кабарлады. Мурда маалымдалгандай, Нарындагы университеттин ачылышы 19-октябрда өтөт. Ага премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун катышары күтүлүүдө.
Ал эми Агахан IV бүгүн президент Алмазбек Атамбаев баш болгон өлкө жетекчилери менен жолугат.
Нарындагы Агахан университети алгачкы студенттерин быйыл кабыл алган. Эл аралык деңгээлдеги университетте бул жылы 71 студент окуусун баштады. Алар Тажикстан, Кыргызстан, Казакстан, Ооганстан жана Пакистан өлкөлөрүнүн жарандары.
Аталган окуу жай Борбор Азия университети катары 2000-жылы негизделген. Бул менчик университетти уюштуруу келишимине жана анын уставына Тажикстандын, Кыргызстандын жана Казакстандын президенттери жана диний ишмер Агахан кол койгон. Аталган документтер үч республиканын парламенттери тарабынан ратификацияланып, Бириккен Улуттар Уюмунда катталган.(BkA)