Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар боюнча комитетинин жыйынында депутат Алмамбет Шыкмаматов билдирди. Анын айтуусунда, буга чейин 2010-жылдагы Конституция мыйзамды бузуу менен кабыл алынган деген арыз менен укук коргоочу Токтайым Үмөталиева сотко кайрылган. Бул арыз Жогорку сотко чейин жетип, 2012-жылы эң жогорку баскычтагы сот Баш мыйзамды 2020-жылга чейин өзгөртүүгө болбойт деген бүтүм чыгарган. Жогорку соттун бүтүмү даттанууга жатпасын айткан Шыкмаматов Конституциялык палатага кайрылуу менен мыйзам бузулуп жатканын билдирди.
Буга чейин бийликтеги Социал-демократтар фракциясынын лидери Иса Өмүркулов Конституциялык палатага Баш мыйзамды өзгөртүү демилгесинин мыйзамдуулугу боюнча кайрылган. Палата аталган арызды карап, Баш мыйзамга каршы келбейт деген бүтүм чыгарган. (BkA/SDz)