Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:44

Балыкчы-Корумду жолун курууга кошумча 300 миллион сом бөлүнөт


Балыкчы-Корумду жолундагы шагыл майдалоочу завод.
Балыкчы-Корумду жолундагы шагыл майдалоочу завод.

Балыкчы-Корумду автожолунун курулушуна кошумча 300 миллион сом бөлүнөт. Бул тууралуу Жогорку Кеӊештин Транспорт, коммуникация жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында транспорт жана жолдор министри Замирбек Айдаров билдирди. Анын айтуусунда, жолду курууга быйыл өкмөт 1,5 миллиард сом тапты. Учурда кийинки жылга бөлүнчү каражаттар аныкталып такталууда.

Балыкчы-Чолпон-Ата-Корумду жолу былтыр башталган. Анын курулушу чыр менен коштолуп, финансы булактары каралбай калганы айтылган. Аталган каттамдын жалпы узундугу 104 чакырымга созулат. Өкмөттүн маалыматы боюнча, долбоорду толук аяктоо үчүн 2,6 миллиард сом керектелет. (BkA)

XS
SM
MD
LG