Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:56

Атамбаев күч органдарындагы коррупцияны текшерүүнү Башкы прокурорго тапшырды


Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Жолдубаева.
Кыргызстандын Башкы прокурору Индира Жолдубаева.

Бул тууралуу президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокурор Индира Жолдубаеваны кабыл алууда билдиргенин өлкө башчысынын маалымат кызматынан кабарлашты. Жолугушууда Башкы прокурор мамлекеттик бийлик жана укук коргоо органдарындагы мыйзам бузууларга каршы аткарылып жаткан иштер боюнча маалымат берди.

Президент Алмазбек Атамбаев Башкы прокуратурага укук коргоо органдары жана башка мамлекеттик бийликтеги коррупцияга каршы күрөштү күчөтүүнү тапшырды.

17-октябрда Атамбаев Башкы Штабдын башчысы Раимберди Дүйшөнбиевди кабыл алууда күч органдарындагы коррупцияга көңүл буруу тапшырмасын берген.

Мындай тапшырмалар армиядагы бир катар чырлуу иштерден кийин башталды.

Буга чейин Куралдуу күчтөрдүн Генералдык штабы Коргоо иштери боюнча комитет төрагасынын айдоочусу менен Чек ара кызматынын прапорщиги курал-жарак сатууга айыпталып кармалган эле. Комитет төрагасынын айдоочусу Калашников үлгүсүндөгү үч автоматты сатууга айыпталган. Ал эми Чек ара кызматынын кампасынан 26 автомат, 14 тапанча жана 13 миңден ашуун ок уурдалганы белгилүү болгон. Бул окуядан кийин Чек ара кызматынын төрага орун басары кызматтан бошотулган.(BkA)

XS
SM
MD
LG