Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 00:33

Украина боюнча саммит 19-октябрда Берлинде өтөт


Германия канцлери Ангела Меркел.
Германия канцлери Ангела Меркел.

Германия, Франция, Орусия жана Украина лидерлери Берлинде Чыгыш Украинада тынчтык жараянын колдоону талкуулашат. Германия канцлери Ангела Меркел президенттер Владимир Путин, Франсуа Олланд жана Петр Порошенкону Минск келишими боюнча саммитке чакырганын канцлердин маалымат катчысы Стефан Зейберт 18-октябрда билдирди.

Зейберттин айтуусунда, лидерлер Украина кризисин чечүү боюнча кадамдарды талкуулашат. Төрт лидердин бул маселе боюнча акыркы жолугушуусу өткөн жылы октябрь айында Парижде болгон. Украин өкмөттүк күчтөрү менен Орусия колдогон жикчилдердин 2014-жылдын апрель айынан бери жүргөн согушунан 9600 киши набыт болгону кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG