Өзү абакта отурган ишкер Тохтар Толешов 17-октябрда Астанадан видео байланыш аркылуу Атырау шаарында өтүп жаткан сотко көрсөтмө берип, нааразылык акцияларын уюштуруу үчүн 100 миң доллар Талгат Аянга кимдир бирөө аркылуу бергенин айтты.Толешов бирок ал адамдын ысмын айтуудан баш тарткан.
Жарандык активистер Талгат Аян жана Макс Бокаев социалдык, улут аралык жана диний кастыкты козуткан, жалган маалымат тараткан жана митинг, пикет өткөрүү тартибин бузган деп айыпталууда. Алар Атырау шаарындагы 24-апрелдеги жерди чет өлкөлүктөргө берүүгө каршы митингден кийин кармалган. Соттук териштирүү 12-октябрда башталган. Аян жана Бокаев коюлган айыптарды четке кагууда. Ал эми ишкер Толешов январь айында кармалып, ага мамлекеттик төңкөрүш, экстремизм жана мыйзамсыз курал алып жүрүү боюнча айып коюлган. Толешовдун өзүнө байланыштуу бул кылмыш иши жабык каралууда. (AiT)