Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:18

Швецияда Кыргызстандын жарандык коомуна арналган көргөзмө ачылды

«Кыргызстандагы жарандык коом жана укук коргоочулар» аттуу фотокөргөзмө
«Кыргызстандагы жарандык коом жана укук коргоочулар» аттуу фотокөргөзмө

Швециянын Гетеборг шаарында «Кыргызстандагы жарандык коом жана укук коргоочулар» аттуу фотокөргөзмө өтүүдө. 11-октябрда ачылган көргөзмөнү Борбор Азия тилектештик түйүнү уюштурган. Анда жарандык коомдун өлкөнүн саясий турмушуна катышын жана өзгөрүүлөр үчүн күрөшүн чагылдырган сүрөттөр коюлган. Ошондой эле белгилүү укук коргоочулар, активисттердин портреттерин көрүүгө болот.

25-октябрга чейин Гетеборгдо созулган көргөзмө Стокгольм жана Мальмедо уланат.

Борбор Азия тилектештик түйүнү 2009-жылы түзүлгөн швециялык бейөкмөт уюм. Уюм Борбор Азиядагы адам укугун коргоо, жарандык коомду өнүктүрүү жаатындагы долбоорлорду ишке ашырат. (BkA)

XS
SM
MD
LG