Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:47

Аба ырайы: чукул билдирүү


Кар жаады.
Кар жаады.

18 - 19-октябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө жаан карга айланышы мүмкүн. Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында жана тоо этектеринде, тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 18-23 метрге жетет.

19-20-октябрда абанын температурасы төмөндөп: Чүй, Талас, Ысык-Көл, облустарынын дыйканчылык аймактарында түнкүсүн 0…-5° суук, күндүз 0…5° жылуу, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө түнкүсүн -1…-3° суук, күндүз 3…8° жылуу, Нарын облусунда жана тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8°, күндүз -1…-6° суук болот.

Түнкүсүн көпчүлүк аймактарында жаан, кар жаайт. Тоо этектеринде жана тоолуу райондордо кар жаайт. Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас облустарынын айрым жерлеринде жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетет.

Абанын табы:

Чүй облусунда түнкүсүн -4...1, күндүз 0...5 градус жылыйт.

Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0...-5, күндүз 0...5 градус жылуу болот.

Ош, Жалал-Абад облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 5...10 градус жылуу болот.

Баткен облусунда түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9 градус жылуу болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүз 0...5,

Нарында түнкүсүн -4...-9, күндүз 3...8 градус жылыйт.

Бишкекте 19-октябрда түнкүсүн кар жаайт. Күндүз жаан-чачын болбойт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 0…-2°, күндүз 2…4° жылуу болуп, кечке жуук 3°ка чейин төмөндөшү ыктымал.

XS
SM
MD
LG