Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Февраль, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:07

Украина президенти Петро Порошенко Берлин саммитинен көптү күтпөйт


Бул тууралуу ал 18-октябрда Норвегия борбору Ослодо билдирди. Порошенконун айтымында, ал Украина чыгышындагы чатакты жөнгөрүү боюнча Берлин саммитинен көптү күтпөйт. “Украинанын келечеги боюнча ишеничим өтө бекем, бирок эртеңки жолугушууда андай эмес” деди Порошенко.

Германия канцлери Ангела Меркел 19-октябрда Берлинге Орусия президенти Владимир Путинди, Франция жана Украина президенттери Франсуа Олланд менен Петр Порошенкону Чыгыш Украинадагы чатакты жөнгөрүү боюнча саммитке чакырганын канцлердин маалымат катчысы Стефан Зейберт 18-октябрда билдирди.

Төрт лидердин бул маселе боюнча акыркы жолугушуусу өткөн жылы октябрь айында Парижде болгон. Украин өкмөттүк күчтөрү менен Орусия колдогон жикчилдердин 2014-жылдын апрель айынан бери жүргөн согушунан 9600 киши набыт болгону кабарланган. (AiT)

XS
SM
MD
LG