Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:25

Багдадда Түркиянын Түндүк Ирактан чыгып кетүүсүн талап кылган демонстрация болду


Түркиянын Мосул шаарына жакын жердеги аскердик базасы Анкара менен Багдаддын ортосунда тирешүүнү жаратууда.
Түркиянын Мосул шаарына жакын жердеги аскердик базасы Анкара менен Багдаддын ортосунда тирешүүнү жаратууда.

Миңдеген ирактыктар шейшемби күнү Багдаддагы Түркиянын элчилигинин алдына чогулуп, Түркияны Мосул шаарына жакын жердеги базадан чыгып кетүүнү талап кылышты. Арасында шииттердин диний лидерлеринин бири Муктада ал-Садрдын тарапкерлери да бар демонстранттар “баскынчы чыгып кет!” деп кыйкырышкан. Түркиянын Мосул шаарына жакын жердеги аскердик базасы Анкара менен Багдаддын ортосунда тирешүүнү жаратууда. Багдад бийлиги түрк аскерлери уруксатсыз Иракта жүргөнүн айтып, чыгып кетүүнү талап кылса, Түркия ал талапты четке кагып, Мосулду бошотуу үчүн Ирак жоочуларын машыктырып жатканын билдирүүдө. (AiT)

XS
SM
MD
LG