Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 18:03

Ооган өкмөтү Катарда талиптер менен жашыруун сүйлөшүүлөрдү жүргүздү


Ооганстан
Ооганстан

Ооганстандын жогорку даражалуу расмий адамынын ырасташынча, сентябрь айынын башынан бери Катардын борбору Дохада талиптер менен эки жолу жашыруун сүйлөшүү өткөрүлдү. “Азаттыктын” ооган кызматына берген маалыматында атын атагысы келбеген жогорку даражалуу кызматкер сүйлөшүүнүн аки-чүкүсүн айткан эмес.

18-октябрда Британиянын "Гардиан" гезити талиптер менен ооган өкмөтү сентябрь айында сүйлөшүүнү кайра жандантканын кабарлаган. "Гардиандын" маалыматы боюнча, талиптердин өкүлү Молдо Абдул Ахунд менен Ооганстандын атайын кызматынын башчысы Мухаммад Массум Станекзай көзмө-көз сүйлөшкөн. Сүйлөшүү жылуу маанайда жүргөн. Молдо Абдул Ахунд талиптердин мурунку лидери Молдо Мухаммад Омардын тууганы экени белгилүү. Сентябрь айынын аягында ооган бийлиги Гүлбеддин Хекматияр менен тынчтык келишимине жетишкен. "Гардиандын" маалыматы боюнча Катардагы сүйлөшүүгө АКШнын өкүлү катышкан. Ал эми Пакистан тараптан эч ким болгон эмес. (AiT)

XS
SM
MD
LG