Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:01

Өкмөт өлкөдөгү эпизоотикалык жагдай тууралуу маалымат берет


Уй ферма.
Уй ферма.

Кыргызстандагы эпизоотикалык жагдайдын абалы жана ЕАЭБке кошулуу боюнча милдеттенмелерди аткаруу жөнүндө өкмөттүн маалыматы бүгүн парламентте угулат. Мурдараак “Өнүгүү-Прогресс” фракциясы өлкө ЕАЭБ интеграциясына киргенден бери бир жылдан ашса да эт-сүт азыктарын сыртка экспорттой албай жатканын сынга алган.

Өткөн жылдары күйдүргү, шарп сыяктуу мал ылаңдары катталган. Муну себеп кылган коңшулаш Казакстан чектеш аймактарына гана Кыргызстандан сүт азыктарын сатып алууга уруксат берген. Ал эми эт азыктарын киргизүүгө тыюу салган.

Расмий маалымат боюнча, Кыргызстанда 400 миң жылкы, 1,5 миллион уй, төрт миллиондой майда жандык, 7 миллионго чукул канаттуу бар. Мал-жандыктарды идентификациялоо демилгесин 2008-жылы каржы министри, азыркы депутат Акылбек Жапаров көтөрүп чыккан. (ZKo)

XS
SM
MD
LG